Бишкек шаарында санитардык эрежелердин сакталбагандыгы боюнча жалпы 8 миллион сомго протокол түзүлгөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.
Айтымында, коомдук транспортто санитардык талаптарды сактоо боюнча рейддер жүргүзүлдү. Чыныбаева, эгерде ишканаларда эреже бузуулар катталып, вирус жуктуруп алгандар аныкталса, аларга айып пул салынарын жана мекеменин иши убактылуу токтотуларын эскертти.
Ошондой эле, шаарда ишкердик субъектилердин санитардык эрежелеринин сакталышын жана өзгөчө кырдаал учурунда уруксат берилген иш-чаралардын тизмесинин аткарылышын текшерүү боюнча мобилдик топтор иштеп жатканын кошумчалады. Белгилей кетсек, Бишкекте жугуштуу тумоого жалпы 25 миң 901 адам чалдыккан. Алардын 14 миң 338и коронавирус, 11 миң 513ү пневмонияга кабылган. Борбор калаада 12 ооруканада 1 миң 150 орундук бар. Учурда 471 орун бош.