Кыргыздын чыгаан таланттары, композиторлор Аскар Түлеев менен Борис Фефермандын 100 жылдыгына карата Кыргыз Улуттук филармониясында чыгармачыл кече уюштурулду. Иш-чарада өнөрпоздордун эмгектери эскерилип, Шубин атындагы музыкалык мектептин 50гө жакын окуучусу өнөрлөрүн тартуулашты.
Кыргыз маданиятынын чыгаан инсандары - композитор Аскар Түлеев менен Борис Феферман эскерилип, өнөрпоздордун музыкалык чыгармалары көрүүчүлөргө тартууланды. Иш-чарада “Нур жетиген” ансамбли Борис Фефермандын “Көпөлөк” чыгармасын жетиген, комуз аспаптарынын жардамы менен аткарып, көпчүлүктүн алкышына арзыды.
Аз жашаса да, саз жашаган Аскар Түлеевдин 100 жылдыгына арналган маарекеде замандаштары адамдык сапаты бийик, өтө таланттуу чыгармачыл адам тууралуу айтып, алгачкы профессионал композитор катары кыргыз маданиятына зор салым кошкон Түлеевдин ысымы түбөлүккө сакталып кала берерин белгилешти.
Элдик ырга айланган "Маш Ботой", " Булбул", "Кыз Кербез", "Жаш Тилек", "Боз Салкын" чыгармаларын оркестрге салып, даңазалагандардын бири Кыргыз Республикасынын эл артисти, дирижёр, композитор Борис Феферман. Ал улуттук музыканын алтын фондусуна кирген эл аспаптар оркестри үчүн көптөгөн кыргыз күүлөрүн иштеп чыккан.
Маданият тармагынын өкүлдөрү залкар композиторлордун эмгектери келечек муунга өрнөк болуп, кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк жашай берерин кошумчалашты. Маданият тармагынын өкүлдөрү залкар композиторлордун эмгектери келечек муунга өрнөк болуп, кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк жашай берерин кошумчалашты.