Бишкекте айыл чарба азыктары арзандатылган баада сатылган жармаңке өтүп жатат. 17-декабрда Бишкектин 7-апрель менен Горкий көчөлөрүнүн кесилишиндеги ири соода түйүнүнүн жана 7-кичи райондогу гипермаркеттин жанында калаа тургундары дыйкандардан өз баасында азык-түлүк сатып ала алышат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш жана мелиорация министрлиги маалымдады.
Жарманкеде эттин бир килосу 390 сомдон, тооктун бир кили 135 сом, жумуртканын 10 даанасы 85 сом, кум шекердин бир кили 46 сомдон сатылууда. Кыргызстанда акыркы мезгилде тамак-аштын баасы кескин жогорулап кеткен. Айрыкча эттин наркы көтөрүлүп, аталган министрлик тирүү малды экспорттоого тыюу салган. Азык-түлүктүн кымбаттоосун адистер валюта курсунун өсүшүнө байланыштырууда.