Дары-дармектерди мыйзамсыз алып келген канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында Талас облусундагы “Чоң Капка-Автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылып, алынды. Такталган маалыматка ылайык, кармалган дары-дармектердин 176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксат берүүчү кагаздары болгон эмес.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча кармалган жүктүн баасы 4 миллион сомдон ашык суммага барабар. Учурда товардын чоо-жайын тактоо максатында материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жиберилди.