Жаңылыктар
Сандан сапат маанилүү. Пайдаланууга берилбей жатып, сапатын жогото баштаган курулуштар
Кыргызстан жаңылыктары
Сандан сапат маанилүү. Пайдаланууга берилбей жатып, сапатын жогото баштаган курулуштар

Алды 10, арты 5 жылдан бери курулушу уланып келе жаткан айрым мектептер келерки жылы бүткөрүлөт. Ал эми, имараттарды жаңылоо муктаждыгы курч, авариялык абалдагы жайларда гана жүргүзүлөт. 

Бул туурасында Билим берүү жанан илим министри Алмазбек Бейшеналиев Оштогу Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясы үчүн курулуп жаткан жаңы имараттын учурдагы абалы менен таанышкан учурда билдирди. 720 окуучуга ылайыкташкан 3 кабаттуу мектептин курулушу 2013-жылы башталган. Сметалык баасы 244 млн. сомду түзгөн объекти республикалык бюджеттен каржыланат. 

Пайдаланууга берилбей жатып, четинен сапатын жогото баштаган курулушту аягына чыгаруу үчүн кеминде 116 млн. сом керектелет. Бейшеналиевдин пикиринде, курулушу ара жолдо калган мектептердин саны ондоп саналат. Окуучулардын өмүрүнө коркунуч алып келген авариялык абалдагы мектептердин эле саны 245ти түзөт. Мындан сырткары, 3 нөөмөт менен сабак өтүлгөн 140 орто мектеп бар.

"Ата-энелерден көптөгөн арыз-даттануулар болуп жатат, качан мектебибиз бүтөт деп, Черемушки кичи району өзүнөр билесиңер калк өтө жыш жайгашкан аймак, мындан төрт жылдан бери окуучулар Панфилов атындагы мектепте окуп келишет, кеминде 3 чакырымга чейин каттап окуп жатышат",- деди Ош шаарындагы №20 И.Раззаков атындагы мектеп-гимназиянын директору Акылбек Ташбаев. 

"Көп жылдан бери бүтпөй жаткан мектептер көп, жыл өткөн сайын сапаты артка кетип жатат, ушул себептүү, бирдиктүү саясат жүрүш керек, кайсыл жерде курч муктаждык керек болсо, ошол жакка каражат бөлүш керек, жаңы мектептер экинчи орунда болуш керек, эмки жылы жок дегенде ар бир райондон бирден мектепти бүткөрүшүбүз керек", - деди Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев.