Жаңылыктар
ӨКМ: Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаары 3, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган. 

Куткаруу кызматтары тарабынан ар кандай жардам көрсөтүүлөр болуп, 7 чыгуу болду. Бишкек шаарында 2 эшик ачуу, Чүй облусунда 1 суу каптоо,1 эшик ачуу, Жалал-Абад облусунда 1 эшик ачуу, Баткен облусунда 1 суу каптоо,1 эшик ачуу жардамдары көрсөтүлдү.