Жаңылыктар
Артём Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Артём Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын ички рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыздоо зарыл. Бул тууралуу Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди. 

Анын айтымында, күнүмдүк керектелүүчү азыктардын кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүрүүдө, бирок кырдаалды турукташтыруу мүмкүн болбой жатат. Баа саясатына мониторинг жүргүзүү боюнча берилген тапшырмалардын, товарларды дүңүнөн сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жарманкелерди уюштуруу боюнча аткарылган иштердин негизинде акыркы жумаларда баалардын дагы жогорулап кетишинин алдын алууга мүмкүндүк болду, бирок бул тийиштүү деңгээлде натыйжалуу боло алган жок. 

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Кыргызстанда товар ташып келүүдө ортомчу уюмдарды четтетүү жана рынокто бааларды турукташтыруу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү зарылдыгын белгиледи. Артём Новиков ушул жумада пилоттук тематикалык жарманкелер башталаарын эске салды. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министрдин милдетин аткаруучу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

«Базар экономикасынын өзүнүн эрежелери бар, бирок биз калктын товарларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн жана импортерлордон дүң баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышыбыз керек. Биринчи кезекте жарандар жөнүндө ойлонушубуз кажет. Ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү товарларды, майда жандыктарды жана бодо малды мыйзамсыз экспорттоого тыюу салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, эттин баасын төмөндөтүү мүмкүн болбой жатат. Бир аз төмөндөгөндөн кийин дүң базардагы баалар кайрадан көтөрүлдү. Бул белгиленген чектөөлөрдү айланып өтүү механизми бар экендигин айгинелейт»,- деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков.