Жаңылыктар
Финансы полициясы өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысынын бетин ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Финансы полициясы өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысынын бетин ачты

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча финансы полициясы мамлекеттин бюджетине 45 миллион сом суммадагы салыкты төлөөдөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы билдирди. 

Ошентип, мамлекеттик бюджетке зыян келтирүү фактыларын аныктоого багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда, “Ш” ЖЧКсы товарларды ири өлчөмдө сатып алган жана саткандыгы аныкталган, ошол эле учурда салык отчетторун толугу менен берген эмес, натыйжада мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда, мамлекеттин бюджетине акча каражаттарын кайтарып берүү жана аталган ЖЧКга колдоо көрсөтүп келген.