Жаңылыктар
Ошто академик Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдык юбилейине арналган иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто академик Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдык юбилейине арналган иш-чара өттү

16-декабрда Ош мамлекеттик университетинде Бектемир Мурзубраимовдун 80 жылдык юблейине арналган иш-чара өттү. Бектемир Мурзубраимов аталган университеттин мурдагы ректору, химия илимдеринин доктору, профессор, академик, КР Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү, Борбордук Азия Элдик академиясынын академиги.

“Бектемир Мурзубраимовичти мыкты лидер жетекчи, мекенчил инсан, интеллигенциянын активдүү өкүлү, коомдун жана өлкөбүздүн алдыңкы ишмери катары билебиз. Ар дайым өлкөбүз үчүн, жаштар үчүн акыл насааттарыңызды айтып арабызда ден соолукта жүрө бериңиз”,- деди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.