Бүгүнкү күндө өлкөдө COVID-19 менен ооругандарды кабыл алуу үчүн орундуктар жетиштүү. Саламаттык сактоо министрлиги билдирген маалыматка караганда, 8 миң орун даярдалган. Азыркы тапта анын төрт миңден ашыгы колдонулуп, анда 1845 бейтап дарыланууда. Соңку учурларда кооптуу тумоого чалдыккандардын саны азайып калганы менен, эпидемиологиялык абал туруксуз бойдон сакталууда. Акыркы бир күндүн ичинде 241 адам илдетке чалдыгып, дагы бир киши кайтыш болду.