Бишкекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек чек арасынын калган бөлүгүн тактоо иштерин кайрадан жандантуу ниеттерин билдиришип, алдыга коюлган бул максаттарды мүмкүн болушунча тез бүткөрүү тууралуу сүйлөшүштү.