Кечээтен тарта президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Ал добуш берүүгө бир күн калган жымжырттык күнүнө чейин уланат. Бул мезгил аралыгында талапкерлер аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Андай массалык иш-чараларда коомдук коопсуздук сакталышы үчүн ички иштер органдары адам көп топтолгон жерлерди көзөмөлгө алышат.