Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөөнүн үчүнчү этабы жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облусунда 11-декабрда башталган. Эмдөө иштерин жер-жерлердеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери жүргүзүп жатат.
Атайын мобилдик топтор да түзүлгөн. Алар мекеме-ишканаларды кыдырып, кызматкерлерин, мектеп окуучуларды жана мугалимдерди эмдөөдөн өткөрүшүүдө.
Сасык тумоого каршы эмдөөнүн 1-2-этабы сентябрь жана октябрь айларында болгон. Анда эмдөө медицина кызматкерлерине, өнөкөт оорусу бар адамдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарага, андан сырткары балдар үйүндөгү балдарга жана кош бойлуу аялдарга, ошондой эле курагы 65 тен ашкан жарандарга акысыз жасалган. Эми үчүнчү этабында калктын калың катмары менен иштеген жарандарды эмдөө иштери жүргүзүлүүдө.