Жаңылыктар
Издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Өзбекстандын жараны Нематжон Хомидовго Ош облусунун Кара-Суу шаарына каттоого тургузуу менен Кыргызстандын жаранынын паспорту берилген. Ал паспорт алган учурда чет өлкөдө болуп, 7 жылдан бери өлкө аймагына кирбей жүргөнү белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жана Өзбекстанда Жазык-кодексинин “Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу” беренеси боюнча соттолгон. 

Бул факт Кыргызстанда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык-кодексинин "Паспортту мыйзамсыз берүү" беренесинин негизинде катталды. Мекемеден учурда иш тергелип жаткандыгын жана ушул сыяктуу паспортторду мыйзамсыз берген фактыларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалашты.