Бишкекте унаа салыгын төлөбөгөндөр айыпка жыгылууда. Учурда мамлекеттик салык жана милициянын кайгуул кызматтары биргелешип текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Унаа ээлери 1-сентябрга чейин мүлкүнө салык төлөшү керек болчу. Бирок жыл аяктап баратканына карабай айрым айдоочулар транспорт салыгын төлөбөй жүрүшөт.
Тиешелүү адистер Бишкектеги унааларды четинен токтотуп текшере келгенде бир катар бузуулар аныкталды. Бир саатка жетпеген убакыт ичинде милициянын кайгуул кызматкерлери жол эрежесин бузган алты айдоочуга протокол түзүп, экөөнү унаа токтотуучу жайга киргизди. Арасында унаасын документи жок башкарып жүргөн адам да бар. Ал эми салык кызматкерлери унаа салыгын төгө элек 5 айдоочуга протокол толтурду.