Жаңылыктар
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо жолдоду
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо жолдоду

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевди жана учурдагы Президенти Касым-Жомарт Токаевди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. 

«Эки боордош элдин кылымдардан бери келе жаткан достукка негизделген ынак коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, узун өмүр, ишине ийгилик, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Ошондой эле Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди да өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, куттуктоо сөздөрүн айтты.  

«Сизди жана бир тууган Казакстан элин Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Көз карандысыздык алган жылдан тартып Казакстан Республикасы мамлекеттик курулуш, саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында эң чоң ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада да мамлекеттин аброю бекемделүүдө. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы ынак коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген эки тараптуу мамиле биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да тынымсыз өнүгүп, тереңдей берет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.