Улуттук госпиталда эмгектенген медицина кызматкерлерине ноябрь айы үчүн 18 миллион 936 миң 200 сом кенемте төлөндү.
Каражатты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду которду. Алардын берген маалыматына караганда, 554 медиктин 112 дарыгерине 5 млн. 333 миң 800 сом, 208 орто медкызматкерге 8 млн. 122 миң 20 сом, 142 кенже медициналык кызматкерге 5 млн. 287 миң 200 сом жана башка 92 кызматкерге 193 миң 180 сом төлөнүп берилген.