Президенттик шайлоо учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ар бир шайлоо тилкелеринде жол кыймылын, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чараларды аткарууда. Шайлоо өнөктүгүнүн башталышы менен башкармалыктын аймактык бөлүктөрү күн сайын ыкчам кырдаалды анализдеп турушат.
Өздүк курам үгүт жүргүзүү маалында жана шайлоо күнү жарандардын укугун жана коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылын көзөмөлдөө, шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздоо менен гана алектенишет. Эске салсак, президенттик шайлоо ушул жылдын 10-январында өтөт.