КР кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү (акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо багытындагы ыкчам иш чаралардын алкагында 2020-жылдын 14-декабрында Бишкек шаарында 1969 ж.т. КР жараны «К.У.» кармалды. Анын жанынан ири суммадагы жасалма АКШ долларлары табылган.
Такталган боюнча, табылган чет элдик жасалма валюталары жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган. Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.