Күн сууктагандан бери эл электр энергиясын ченемден ашык сарптоого өттү. Алсак 13-декабрь күнү 3 миң 240 МВ электр энергиясы сарпталып, эң жогорку рекорддук чекке жетти. Мындай көрсөткүч 2018-жылы январь айында байкалган. Бирок ал учурда абанын температурасы -30 градус болуп турган. Азыр болсо абанын температурасы -10 градусту көрсөтүүдө. Ал эми кыш чилдеде жарыксыз калбаш үчүн, электр энергиясын кантип үнөмдөө керек?