Жаңылыктар
Кыргыз жарандарынын ID-карталарына улуттук графа кайрадан киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргыз жарандарынын ID-карталарына улуттук графа кайрадан киргизилди

Кыргызстандын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү паспортко улуту жөнүндө графа киргизилди. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Өзгөртүүлөр Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимдерин ишке ашыруу максатында киргизилген. Эске салсак, КП Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келип, 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргызстандын жаранынын паспорту - идентификациялык картадагы "улуту" графасы алынып салынган.

“Ар бир адамдын өз улутун эркин аныктоо жана көрсөтүү укугунун кепилдиги бузулуп жатат. Эми Кыргызстандын жарандары, каалашса ID-cardда улутун көрсөтө алышат », - деп жыйынтыктады министрлер кабинети.

.