Бишкек шаарынын мэриясы МЖӨ борбору менен биргеликте заманбап коштоочу инфраструктурасы бар жаңы ипподром куруу долбоорун ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. "Ак-Кула" ипподромунун аймагынын аянты 57,4 га.
Жаңы ипподромдун курулушу ат оюндары жана башка көңүл ачуучу иш-чаралар учурунда көрүүчүлөрдү батыра турган орундарды көбөйтүүнү, ат чабыш жана башка улуттук оюндарды өткөрүү үчүн чуркоо тилкесин модернизациялоону, сарамжалдуу транспорттук-коммуникациялык инфраструктураны түзүүнү, имараттын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууну карайт.
Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин жардамы менен ишке ашыруу пландаштырылууда. Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигин эске алып, иштеп жаткан жеринин ордуна жаңы ипподромдун курулушун жеке инвестицияларды тартуу жана мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгү аркылуу ишке ашыруу пландаштырылууда.
Демилге:
авариялык абалда турган имараттарды бузуу;
техникалык-экономикалык негиздемесин, архитектуралык долбоорун жана долбоордук документтерин иштеп чыгуу (Бишкек шаарынын мэриясынын УКС ТКнын маалыматы боюнча);
жаңы ипподромду жана ага байланыштуу инфраструктураны куруу;
жеке же карызга алынган каражаттар менен каржылоо;
комплекстүү башкаруу.
МЖӨ келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин (30 жылга чейин) жеке өнөктөштөн объектти пайдалануу укугу токтотулат, бирок келишимде каралган учурларда МЖӨ келишиминин мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Долбоордун идеясы менен МЖӨ процедуралары жана суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясына 0312 97 91 95 номерине жана Экономика министрлигинин алдындагы МЖӨ борборуна - 0312 66 47 81 телефон номери аркылуу кайрылыңыз.