Жаңылыктар
Дүйнө жана Кыргызстан: Астанада Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу жөнүндө сүйлөшүү аяктады
Дүйнө
Дүйнө жана Кыргызстан: Астанада Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу жөнүндө сүйлөшүү аяктады

Казакстандын борборунда  Астанада Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу жөнүндө   сүйлөшүү аяктады. Эки карама-каршы  тарап Сирияда ок атууну токтотуу келишимин көзөмөлдөө  долбоорун  иштеп чыгуу  тууралуу  айтылды.

Россия,Түркия жана  Ирандын ортомчулугу менен  расмий Дамаск  жана куралдуу оппозициянын ортосунда сүйлөшүү Астанада  23-январда башталган. Алар бул эки күнгө созулган кездешүүнүн  жыйынтыгында  Сириядагы ок атууну токтотуу келишимин аткарууну көзөмөлдөө   жөнүндө  бир пикирге келишти. Жогоруда айтылган сүйлөшүүгө АКШнын Казакстандагы элчиси Жордж Крол жана Бириккен   Улуттар Уюмунун Сирия боюнча  атайын өкүлү Стефан де Мистура байкоочу катары катышты.

24-январда  эки тараптын биргелешкен билдирүүсүндө “ок атышууну токтотуу толук сакталышын камсыздоо жана ар кандай чагымдарга бөгөт коюу жана  шарттарын аныктоо”келишимин  Россия жана Түркия менен  Иран көзөмөлдөй турганы  белгиленди. Астанадагы жолугушууга   Сириянын куралдуу оппозициясынын өкүлдөрү да катышты. Мурда өткөн Женева сүйлөшүүсүнө Сириянын саясий багыттагы гана оппозициясы катышкан. Сүйлөшүү соңунда 8-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен  Женевада расмий Дамаск  менен оппозициянын боло турган жолугушуусу колдоого алынды

Астана жыйынынын резолюциясы, куралдуу оппозициянын өкүлдөрү Сириядагы  жарандык согушта  Ирандын ролу белгиленбей калганына нааразычылыгын  билдирди. Анткени Иран айрым согуштук чабуулдарды жетектеп жатат. Бул миңдеген сириялыктарды качканга  жана кан төгүүгө алып келүүдө- деп оппозиция өкүлдөрү Тегеранды айыптады.      

Сириянын БУУдагы атайын жана ыйгарым укуктуу  элчиси Башар Жафаринин пикиринде  Астанадагы сүйлөшүүнүн  башкы мүдөөсүнүн бири    согушуп жаткан топторду террористтерден бөлүп жана айырмалай билүү.  Бирок бул максатты  иш жүзүнө ашыруу абдан кыйын. Ошентсе да сүйлөшүүлөрдүн кепилдигин камсыздаган Россия, Түркия менен Иран куралдуу оппозиция топторун террористтерден бөлүп кароо мүмкүнчүлүгүн түздү деген маалымат тарады.  

Сирияда жарандык согуш 2011-жылы башталган. 6 жылдын ичинде 300 миң киши өлүп,4  миллиондон ашык  адам  Ата-Мекенин таштап кеткенге  аргасыз болду. Сирия оппозициясы президент Башар Асаддын кызматтан кетишин талап кылып келет. Булардын айтымында   ал алавит. Ал эми  өлкөнүн  калкынын басымдуу көпчүлүгүн  сунниттер түзөт. Дал ушул себептен     Асад мамлеткеттин  башчысы боло албайт –деп Сирия оппозициясы тажабай айтып келүүдө.  Ушул  талапты Түркия жана Батыш өлкөлөрү колдойт. Бирок Башар Асад  суннизм агымын кабыл алганын Сирия оппозициясы айткысы келбейт. 

Ал эми Россия жана Иран Асадды колдойт. Москва  менен Түркиянын ортосунда мамиле  оңолгондон бери  Сириядагы абалды жөнгө салуу  боюнча тил табышты, Сириядагы жарандык согуш токтобосо,сөзсүз Кыргызстанга терс таасирин тийгизет. Анткени  Кыргызстандын 500 дөн ашык жараны  бул чөлкөмдөгү ДАИШ сыяктуу террордук уюмдардын катарына кошулган. Эртеңки күнү ушул радикалдар  Жакынкы Чыгыштан  кайтып келип, мамлекетибиздин келечегине балта чабат.Ошондуктан өлкөнүн күч түзүмдөрү жана коом мындай коркунучту алдын алышы  керек. 

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов.  

Тааныштырган Замира Нусубалиева. Биринчи радио