Ушул күндөрү Юстиция министрлиги калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жумалыгын өткөрүүдө. Иш-чаранын алкагында жарандар министрликте жана анын шаардык, райондук бөлүмдөрүндө адистерден акысыз түрдө укуктук кеңештерди алса болот. 30-ноябрда башталган жумалык 5-декбарга чейин уланмакчы.
Акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча негизги кабылдама Юстиция министрлигинин борбордук имаратында жайгашкан. Кире бериште жактоочулар, мамлекеттик нотариустун кызматкерлери баштаган бир нече адистер отурушат. Адистердин жардамын алууга кардарлар таң эртеден тарта эле келе башташты.