Жаңылыктар
Чек арадагы чекиликтер жөнгө салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадагы чекиликтер жөнгө салынат

Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси Бактыбек Аманбаев кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Ак-Тилек Унаа жол» көзөмөл-өткөрүү жайынын иши менен таанышты. Буга чейин социалдык медиага чек арадан өткөн унаалардын чек ара кызматынын каттоосу менен башка кызматтардын каттоо журналындагы эки башка сан чыккан видео тараган. Аппарат жетекчи бул маселени жеринен көрүп чыкты.