Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата Чүй облусунун Москва районундагы азиздер жана дүлөйлөр коомунун окуу-өндүрүштүк ишканасында майрамдык иш-чара уюштурулду. Анын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга азык-түлүк, акчалай жардам берилди.