Жаңылыктар
Конституциялык кеңешмеде Жогорку Кеңеш депутаттарынын кол тийбестиги талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциялык кеңешмеде Жогорку Кеңеш депутаттарынын кол тийбестиги талкууланды

Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестигин күчтөндүрүүнү максат кылууда. 

Мындай демилгени жыйында кеңешменин мүчөсү Эдил Байсалов көтөрүп, ал колдоо тапты. Эл өкүлдөрүнө иммунитет берүү маселеси парламенттин сапатын арттырууну максат кылат. Бул жобо жаңы даярдалып жаткан Баш мыйзамдын долбооруна камтылууда. Депутаттын бийликтин кемчиликтерин сындап, эркин иш алып баруусу үчүн кол тийбестик маанилүү деген пикирлер айтылды.