Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр коронавирус инфекциясына байланышкан кризис маалында Кыргызстанга чоң колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги отурумунда билдирди.
Өкмөт башчынын м.а. өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө берилген жардам үчүн ыраазычылыгын айтып, өз ара жемиштүү кызматташууну улантууга үмүттөнөөрүн билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын жана тест-системаларынын запастарын толтуруу, ооруну дарылоо ыкмаларын өз убагында жаңыртуу, пандемияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн калкты эмдөө, тез жардам кызматын техникалык жабдуу сыяктуу маселелерди чечүүдө өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу тууралуу маселелер талкууланды.