Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков БУУ тутумунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту.
Өкмөт башчынын м.а. Өкмөттүн БУУ тутумунун бардык институттары менен өнөктөштүктү күчтөндүрүсүнө ишенимин билдирди. Президенттик шайлоо алдында Өкмөт жана бийликтин бардык институттарынын ишинде уюмдун колдоосуна ишене турганын айткан Новиков, бардык өнөктөштөр менен туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнүн биргелешкен долборун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниетин билдирди.
Ожиело өз кезегинде кызматташтык үчүн ыразычылык билдирип, уюм республика менен өнөктөштүккө жогору баа берерин белгиледи. Пикирлешүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин басып өтүүсүнө көмөк көрсөтүү жана кызматташуу боюнча маселеси талкууланды.