Жаңылыктар
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму бет кап тагынуу боюнча көрсөтмөлөрдү жаңыртты
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму бет кап тагынуу боюнча көрсөтмөлөрдү жаңыртты

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясына байланыштуу бет кап тагынуу боюнча көрсөтмөлөрдү жаңыртты.

Анда жугуштуу инфекциянын тез жайылышы мүмкүн болгон коомдук жайларда, дүкөндөрдө, жумуш ордунда жана физикалык аралыкты сактоого мүмкүн болбогон жерлерде сөзсүз бет кап кийүү сунушталат. Мындан тышкары, уюм таза аба жетишсиз, желдетилбеген жайларда да бет капты тагынып жүрүүгө чакырат. Жарыялаган бул жаңы эреже чоң адамдарга жана 12 жаштан жогору курактагы балдарга тиешелүү.

Беш жашка чейинки бөбөктөрдүн бет кап тагынуусу шарт эмес. Ал эми 6 жаштан 11 жашка чейинки өспүрүмдөр кырдаалга байланыштуу бет кап тагынышы керек. ДССУнун маалыматы боюнча, пандемия маалында дүйнөдө 63 миллионго жакын адам коронавирус жуктуруп алды. Анын ичинен дээрлик бир жарым миллион адам каза болду.