Жаңылыктар
Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн чечүү тапшырмалары берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн чечүү тапшырмалары берилди

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов шаардагы 12 көмөкчү мектебинин, көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп-интернатынын жана шаардын кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунун жетекчилерин кабыл алды. 

Вице-мэр шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан жетекчилерди майрамы менен куттуктап, алардын жасап жаткан эмгеги чоң экендигин баса белгиледи.Иш-чаранын жүрүшүндө вице-мэр жетекчилерге Ош шаарынын мэриясынын атынан 10 миң сомдон акчалай жардам берди. 

Ошондой эле Шадыханов мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тарбияланган мектеп-интернат, борборлордун жетекчилеринин маселе, көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү боюнча тапшырмалар берилди. Айта кетсек, учурда Ош шаарында жалпы 7 099 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.