Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген туруктуу каналга бөгөт коюлду. Маалыматка ылайык, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине абактагы жаран туруктуу кылмыштуу топту уюштуруп, баңгизаттарды жүгүртүү менен алектенет деген маалымат келип түшкөн.
Бул боюнча атайын тергөө аракеттеринин жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринин биринде мөөнөтүн өтөп жаткан - 1993-жылы туулган жаран экени аныкталды. Ал уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп, баңгизат сатаарын айткан. Ошондой эле Кетмен-Төбө айылында өзгөчө жыттанган капка салынган заттар табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар 4 кг 545 грамм салмакты түзүлгөн марихуана баңгизаты болгон. Андан ары өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Кара-Көл шаарынан 30 миң сом акча каражатын алуу учурунда Жалал-Абад облусунун 27 жаштагы тургуну кармалган. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар, абакта мөөнөтүн өтөп жаткан 35 жаштагы жаран аныкталган. Азыркы тапта жашыруун жайды уюштуруучу жана бул кылмышка тиешеси бар жактарга карата, ошондой эле баңги каражаттарын мыйзамсыз өстүрүүчү жерди аныктоо боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.