Жаңылыктар
Москва районунда уурулукка шектүү жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Москва районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Александровка айылынын 30 жаштагы жашоочусу Д.Р. арыз менен кайрылып, анын дүкөнүнүн эшигин сындырышып, белгисиз бирөөлөр 35 миң сомдук товарларын жана 1500 сом акча каражатын уурдап кеткенин билдирген. 

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 27 жаштагы О.Н. аттуу жаран кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.