Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда гуманитардык жардам тууралуу маалымат берүү маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сындар айтылды.Вице-премьер-министр мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын алган гуманитардык жардамдар боюнча берген отчеттеру толук эмес жана үшүнүксүз экенин айтты. Сурабалдиеванын айтымында отчеттордо канча дары-дармек каражаты алынгандыгы жана алардын аталышы көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда Вице-премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлерине карата тартиптик мүнөздөгү чаралар кабыл алынаарын билдирди.
Штабдын жыйынынын жүрүшүндө социалдык-экономикалык тармак обьектилеринин ишин жандандыруу маселеси да талкууланды. Адамдар массалык түрдө чогулган жайларда санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлгө алуу жана мониторинг жүргүзүү зарыл экени белгиленди.