Жаңылыктар
Аймактарга автоматташтырылган мамлекеттик тейлөөнү жеткирүү аракети көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактарга автоматташтырылган мамлекеттик тейлөөнү жеткирүү аракети көрүлүүдө

Алыскы аймактарда жашаган жарандарга автоматташтырылган мамлекеттик тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча ишти күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров «Түндүк» электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасына барган учурда билдирди. 

«Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева «Түндүк» электрондук өз ара аракеттешүү борбору» тарабынан эки жылдын аралыгында жасалган иштер, жетишкен ийгиликтер жана алдыда аткарыла турган жумуштар боюнча маалымат берди. Вице-премьер-министр санариптештирүүнү натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттин өнүгүшүнүн негизги фактору экенин белгиледи. 

Санариптештирүү иштери аймактарда дагы ыраттуу жүргүзүлүүсү үчүн жергиликтүү адистерди окутууну уюштуруу зарыл экенине токтолду. Жарандардын жашоосуна бардык шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы санарипке өткөрүү боюнча иш-чараларды активдештирүү замандын талабы, деди.

«Мамлекеттик тейлөөлөрдү электрондук форматка өткөрүү үчүн заманбап технологияларды коомдун күнүмдүк турмушуна киргизүү боюнча чоң жумуштар жасалып жатат. Мына ошол аракеттердин негизинде жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуусун жеңилдөөдө. Эң негизгиси коррупциялык тобокелчиликтер азайды. Учурда өлкөнү санариптештирүү процесси активдүү жүрүүдө, ошол эле учурда кибер коопсуздук маселеси дагы көңүл чордонунда болушу шарт. Бул үчүн эл аралык талаптарга жооп бере турган маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү боюнча иштерди күчөтүү керек», - деди Равшанбек Сабиров.активдүү жүрүүдө, ошол эле учурда кибер коопсуздук маселеси дагы көңүл чордонунда болушу шарт. Бул үчүн эл аралык талаптарга жооп бере турган маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү боюнча иштерди күчөтүү керек», - деди Равшанбек Сабиров.