Вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун төрагалыгы алдында укук коргоо органдары менен сот-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча жыйын өттү.
Вице-премьер-министр белгилегендей, сот тутумун реформалоо бир топ убакыттан бери жүрүп келе жаткандыгына карабастан, коомчулук реформалардын максаттары жана милдеттери жөнүндө так түшүнүккө ээ эмес жана калктын бул боюнча маалыматы жок. «Жүргүзүлүп жаткан реформалардын маңызын калкка жеткирүү керек, өлкөнүн ар бир жараны бул реформалар ага күнүмдүк турмушта кандай таасир этээрин билүүгө тийиш», - деди- Мамытканов.
Ошондой эле вице-премьер-министр сот системасын реформалоонун алкагында мамлекеттик органдар тарабынан автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды киргизүү жана укук коргоо органдарынын ишине жаңы ыкмаларды киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштардын көлөмү чоң экендигин белгиледи. Ошол эле учурда соттук-укуктук реформаны ишке ашыруудан коомчулуктун үмүтү чоң, буга байланыштуу укук коргоо органдары бул багытта ишти күчөтүшү керектиги кошумчаланды.
Соңунда вице-премьер-министр мындан аркы иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча, анын ичинде жаңы демилгелерди иштеп чыгуу жана реформалардын алкагында мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды берип, натыйжалуулукка жана өз убагында чечим кабыл алууга өзгөчө көңүл бурду.