Бүгүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттери кезектеги жыйынга чогулуп, ал видеоконференция форматында өттү. Ага Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы, Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов катышып, ал өз сөзүндө бардык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан ЖККУнун алкагындагы өз милдеттенмелерин татыктуу аткарып келе жатканын белгиледи. Эл аралык кызматташтык, ошондой эле өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал тууралуу да сөз болду. Жыйында Кыргызстандан сырткары, уюмга мүчө Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь жана Армения мамлекеттеринин башчылары да баяндама жасашты.