Бишкек шаарында баш паанеги жок адамдар үчүн эки убактылуу баш калкалоочу муниципалдык мекеме ишин баштады. Октябрь районундагы муниципалдык баш калкалоо жайы 50 кишиге, Свердлов районунда болсо 40 кишиге ылайыкталган. Быйыл Октябрь районунда орун алган мекемеде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, кошумча орундуктар даярдалган.