Конституциялык кеңешменин отурумунда соттор эл тарабынан шайланышы керек деген демилге көтөрүлдү. Бирок бул боюнча чечим кабыл алына элек.
Соттордун көз карандысыздыгын кантип камсыз кылабыз деген маселенин айланасында кеңештин мүчөлөрү үч күндөн бери талашып-тартышып жатышат. Мындан сырткары кылмышка шектүүнүн бөгөт чарасы, жаш муунду тарбиялоо маселелери да талкуунун өзөгүнө айланды.