Жаңылыктар
Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги интервенция жасады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги интервенция жасады

Банктын расмий сайтында маалымдалгандай, 1-декабрда бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 500 миң доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 4 млн 750 миң доллар сатылган. 

Эске сала кетсек, Улуттук банк үч жума катары менен сомдун курсун кармап туруу максатында интервенция жасоодо. Ноябрь айында жалпысынан 84,7 млн доллар саткан.