Жаңылыктар
Кытай «Эркечтам» жана «Торугарттан» өткөн унаалардын санын жогорулатууга даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Кытай «Эркечтам» жана «Торугарттан» өткөн унаалардын санын жогорулатууга даяр

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү. 

Ду Дэвэнь белгилегендей, кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна ылайык, Кытай тарап аркылуу «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөн, алардын жыйынтыгы боюнча кытай тарап жумушчу убакытты 8ден 12 саатка чейин жогорулатуу, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пунктун күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да иштөө режимине өткөрүү сунушталды. Автотранспорттун санынын болжолдуу көбөйүшү суткасына 30 машинаны түзүшү ыктымал. 

Новиков элчиге кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишине байланыштуу маселенин ыкчам чечилиши үчүн ыраазычылык билдирди жана Өкмөт кытай тарап аркылуу көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынып жаткан бардык чараларды колдоого алууга даяр экендигин белгиледи.