Жаңылыктар
Чыгаан окумуштуу Раиса Кыдырбаева 90 жашка толду
Кыргызстан жаңылыктары
Чыгаан окумуштуу Раиса Кыдырбаева 90 жашка толду

Кыргыз Республикасынын илимине эмгеги сиңген белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Раиса Кыдырбаева 90 жашка толду. Манас таануучу, фольклорчу окумуштуунун мааракесине арналып эл аралык илимий-теориялык онлайн конференция өттү. Ага Кыргызстандын эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнүн окумуштуу, илимпоздору катышты.

Улуттук илимдер академиясында 65 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан чыгаан окумуштуу Раиса Кыдырбаева өмүрүн илимсиз элестете албайт. Түбү жок илимди казып, элге пайда келтирүүдөн ырахат алат.

Москвадагы дүйнөлүк адабият институтун аяктаган окумуштуу жазма профессионалдык поэзияны кылдат изилдеп поэзияга кызыккан.“Алыкул Осмоновдун лирикасын” изилдеп 1956-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган. Кийин "Саринжи-Бөкөй”, “Жаңыл Мырза” жана “Манас” эпосторун изилдеген . Докторлук илимий ишинде да “Манас” эпосунун генезисине жана айтуучулук өнөрүнө токтолгон.

Раиса Кыдырбаева “Манас” эпосун талыкпай изилдеп, Орхон-Энисей жазмаларында сакталган жазууларга чейин тарыхый, фолклордук, этнографиялык багыттарын кеңири иликтеп чыккан окумуштуу. Раиса Кыдырбаева Манас таанууда өз багытын таап улуу эпостордун жаңы катмарларын ачты десек болот-дейт кесиптештери.