Талас облусунда окуучулар кадимки тартипте мектепте билим алып жатышат. Облус боюнча бардык 113 мектеп бар. Учурда мектептерде жылуулук менен камсыздоо иши жана санитардык ченемдердин сакталышын көзөмөлдөө аракети колго алынган. Эң башкысы окуучулардын ооруга кабылгандардан оолак болуусун камсыздоо. Аймактагы кабарчыбыз пандемия шартында мектептерде билим берүү кандай тартипте жүрүп жатканын жеринен көрүп келди.
Кыш түшкөндө мектептеги иш ыргак дал ушул жылуулук берүү бөлмөсүнөн башталат. Чарба кызматкери Жолдошалы Кошалиевдин айтымында, мектептин бардык корпустарына жылуулук бирдей жетип жатат. Имарат электр энергиясы аркылуу атайын система менен үзгүлтүксүз жылытылат.
Талас шаарындагы бул номур 2-мектепте 1-класстан 192 бала сабакка катышып жатат. Ал эми 11-класста 55 окуучу бар. Алар мектептин кире беришинен баштап бардык санитардык нормаларды сактоого милдеттендирилген. Күндө эрте менен ар биринин дене табы текшерилип, бет каптарын чечпей тагынып, жанында антисептик алып жүрүшүүдө.
Ал эми салттуу окуунун кайра жанданганы окуучуларды кубантпай койбойт. Айрыкча он жыл чогуу окуп, бүтүрүү жылына келгенде пандемиянын кесепетинен көрүшпөй калган 11-класстар үчүн бул чоң кубаныч. Андыктан санитардык ченемдерди талаптагыдай сактоого аракет жасап жатканын айтышат.