Акыркы 10 жылда өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 43% га көбөйдү. Бул тууралуу Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган кеңештин биринчи отрумунда айтылды. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жыйында, майыптардын көйгөйлөрүн чечүүгө мамлекет колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Учурда билим алуу, жумушка орношуу жана турак-жай менен камсыздоо сыяктуу негизги муктаждыктары чечилбей келет.