Ушул тапта президенттикке талапкерлер шайлоочулардын колун топтоо менен алек болуп жатышат. Бул алдыдагы өтө турган шайлоо өнөктүгүнүн негизги талаптарынын бири. Ар бир талапкер шайлоочулардын арасынан 30 миңден кем эмес кол тамга чогултуп, 3-декабрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек. Кол топтоо жараяны атайын белгиленген эреже тартиптин негизинде жүргүзүлөт.