Жаңылыктар
Эркин күрөш боюнча курама команда Дүйнө Кубогуна даярданып жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Эркин күрөш боюнча курама команда Дүйнө Кубогуна даярданып жатат

2020-жылдын окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык, ошондой эле спорттук күрөш боюнча Дүйнө Кубогуна даярдык көрүү максатында эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү «Изабек» спорт комплексинде (Бишкек шаары) окуу-машыгуу жыйын өтүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Жыйын 2020-жылдын 22-ноябрында старт алып, 13-декабрына чейин уланат.

Курама команданын мүчөлөрүнүн тизмеси:

1. Сманбеков Алмаз, салмактык категориясы – 57 кг;

2. Жумашбек уулу Тайырбек, 57 кг;

3. Мырзаназар уулу Бекболот, 57 кг;

4. Хаджимурадов Икром, 61 кг;

5. Жолдошбеков Улукбек, 61 кг;

6. Акматалиев Эрназар, 65 кг;

7. Осмонов Алибек, 65 кг;

8. Токтогул уулу Айбек, 65 кг;

9. Сыргак уулу Мансур, 70 кг;

10. Орозбеков Исламбек, 70 кг;

11. Усупов Саякбай, 74 кг;

12. Анарбеков Адилет, 74 кг;

13. Джамбулов Бекжан, 74 кг;

14. Такиров Алинур, 74 кг;

15. Изабеков Атай, 79 кг;

16. Карыпбаев Нуртилек, 86 кг;

17. Чыныбеков Мирлан, 86 кг;

18. Керимкулов Чынгыз, 92 кг;

19. Сулайманов Сымбат, 97 кг;

20. Нурдавлетов Кунай, 125 кг;

21. Маджинов Русланбек, башкы машыктыруучу;

22. Таабалды уулу Суймонкул, улук машыктыруучу;

23. Кыдыев Улукбек, массажист.

Курама команданын мүчөлөрүнүн окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Белгилей кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө Кубогу 2020-жылдын 12-декабрынан 18-декабрына чейин Белград шаарында (Сербия) өтөт.