ВИЧ-инфекциясынын өсүшү боюнча Ош шаары менен Ош облусу республикада эң алдынкы орунда. Көрсөткүч боюнча ооруну жуктуруп алган жалпы 9 миң 600дөй бейтаптын 29 пайызын түзүүдө.
Оорунун очогу катары Кара-Суу жана Ноокат райондору аныкталган. Мындай маалыматтар Ош шаарында өткөн “Эл аралык тилектештик, жалпы жоопкерчилик” аталышындагы иш-чарада маалым болду. СПИДдин алдын алуу жана күрөшүү боюнча Ош облустук борбору менен эл аралык уюмдун биргелешүүсүндө өткөн иш-чара 1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулду.
Анда, адистер, оорунун жайылышына ички жана тышкы миграциянын өсүшү, жаштардын арасында бул оору боюнча маалыматтын аздыгын белгилешти. Ош шаарында ноябрь айында эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коом менен биргеликте ВИЧти аныктоо боюнча акысыз тестирлөө жүргүзүлгөн. Анда, мобилдүү клиниканын жардамында, саламаттыгын текшерүүнү каалаган жарандардан шилекей аркылуу ВИЧке экспресс -тест алынган.
"Жугуштуу оорудан сактануу, эгер жугузуп алган учурда кантип дарылануу туурасында кабыл алынган бир катар программанын алкагында биз алдын алуу чараларын күчөтүп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенибизге карабай, тилекке каршы көбөйүп жатат. Бирок, жылыш такыр жок дегенге болбойт, акыркы жылдары жаш балдар арасында бул илдетке кабылган ымыркайлардын өлүмүн 3 пайызга түшүрдүк. Дагы да төмөндөтүү ниетибиз бар",- деди СПИДдин алдын алуу жана күрөшүү боюнча Ош облустук борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова.