Жаңылыктар
Бишкекте мектептер 3-чейректен баштап ачылышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мектептер 3-чейректен баштап ачылышы мүмкүн

Бишкек шаарындагы мектептер жаңы жылдан баштап ачылышы мүмкүн. Мындай маалыматты мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирди.

«14 жашка чейинки балдар арасында COVID-19 менен ооругандардын саны азайган учурда, борбор калаадагы мектептер III чейректен баштап штаттык режимде иштөөгө өтөт», - деп билдирди ал.

Ошондой эле К.Кундашев, Бишкектеги жеке менчик мектептер 6-класска чейинки балдарды офлайн режимде окутуп жатканын эскерте кетти.