Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан "Чалдовар" КӨПтү кыдыруу учурунда контролдук өткөрүү пунктунун иштөөсү тууралуу салык кызматынын дарегине айтылган сын боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Мамлекеттик салык кызматы товарларды эсепке алуу жол-жоболорун автоматташтыруу жана товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүүнүн алкагында бардык керектүү иш-чараларды белгиленген мөөнөттө аткарды.
Белгилей кетсек, контролдук өткөрүү пункттарынын иштөөсүн камсыздоого салык кызматынан тышкары 8 мамлекеттик орган катышат, алардын негизгилери салык кызматы менен биргеликте жаңы системалардын ишке киргизилиши жана андан ары иштеп кетүүсү үчүн жооптуу.
«Салык кызматы тарабынан товарларды эсепке алуунун пилоттук системасы ишке киргизилбегендиги жана керектүү жабдуунун орнотулбагандыгы” боюнча тактап кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү кеңешменин жүрүшүндө (03.11.2020-жылдагы №17-82 протокол) А.Э.Новиков тарабынан Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын (ТМЭБС) толуктап иштеп чыгуу боюнча тийиштүү иштер аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын кызматкерлерин керектүү уюштуруу техникасы менен камсыз кылуу жана 2020-жылдын 15-ноябрына чейин “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасын колдонуу боюнча окутуу тапшырмасы берилген.
Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 13-ноябрында бул тапшырманы аткаруу максатында Мамлекеттик чек ара кызматынын «Чалдовар-автожолу» контролдук өткөрүү пунктундагы кызматкерлерине керектүү жабдууну берди. Контролдук өткөрүү пункту кирүү чектелүү өзгөчө корголуучу аймак болуп эсептелгендиктен ТМЭБС адистештирилген системасына багытталган кандай кыймыл аракет болбосун, түздөн түз анын ээси (УКМК) жана колдонуучусу (МЧК) тарабынан ишке ашырылат.
Мында, белгилей кетсек, Салык кызматы 2020-жылдын март айынан тартып “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүүгө даяр болгону менен, башка ыйгарым укуктуу органдардын даяр эместигинен ушул мезгилге чейин система толук масштабда ишке киргизиле элек. 2020-жылдын 16-18-ноябрь күндөрүндө программа алдын ала сыноодон өткөрүлдү, мында дагы бир жолу көйгөйлөрдүн бар экендиги, оңдоп-түзөөнүн зарылдыгы аныкталып, аларды жоюу башка мамлекеттик органдардын компетенциясы болуп эсептелет.
Жаңы орнотула турган кошумча видеобайкоо камераларынын жоктугу боюнча белгилей кетсек, 2020-жылдын 3-ноябрындагы А.Э.Новиковдун төрагалыгында өткөн кеңешменин протоколуна ылайык, Салык кызматына эмес, Чек ара кызматына ушул жылдын аягына чейин Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарына кошумча видеобайкоо камераларын орнотуу тапшырмасы берилген.
Салык кызматынын дарегине карата «Бетамонт» салмак габариттик контролдун динамикалык системасынын ылайыктуу түрдө иштебегендиги тууралуу айтылган сын-пикирлер боюнча түшүндүрө турган болсок, Салык кызматы «Бетамонт» системасы боюнча маалыматтырды салыштыруунун мүмкүн эместигин бир нече жолу маалымдаган, анткени ал Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында турат жана салмак габариттик контролдоо адистери тарабынан тейленет.
Мамлекеттик салык кызматы айтылган маселе боюнча Өкмөттүн Аппаратынын жана кызыктар мамлекеттик органдардын дарегине 15тен ашуун кат жолдогон. Аларда салык төлөөчү-импортточулар тарабынан берилген маалыматтарды «Бетамонт» системасында жазылган маалыматтар менен салыштыруунун мүмкүн эместиги айтылган.
Салык кызматы КР Өкмөтүнүн Аппаратына аткарылган иш тууралуу туруктуу негизде отчетторун берип, сунуштарын киргизип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ыйгарым укуктарынын чегинде чечилүүчү бир катар өтүнүчтөрү менен кайрылып турат.
Башка мамлекеттик органдардын кыймыл-аракети же аракетсиздиги үчүн Салык кызматы жооптуу эмес (мисалы, электроэнергиянын өчүрүлүшү, суунун, интернеттин жоктугу ж.б.).
Өлкөгө кирген транспорттук каражаттардын саны тууралуу Салык кызматы, Чек ара кызматы, Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматтарындагы айырма боюнча белгилей кетсек, ар бир мамлекттик орган бекитилген иш регламентине ылайык, ошондой эле, кызматтык функцияларына жараша транспорт каражаттарын каттоонун өзүнө тааныдык методикасын колдонот.