1-ноябрдан бери Жалал-Абад облусунда “өзүңдүн ВИЧ статусуңду бил” аталышындагы акция өтүп жатат. Максат ВИЧ илдетин жуктуруп алып, билинбей жүргөн жарандарды аныктоо. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер жер-жерлерде ВИЧ инфекциясын акысыз текшеришүүдө. Акция жыл сайын 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулат.
Ысымым жашыруун болсун деп өтүнгөн бул тургун биринчи жолу ВИЧке анализ тапшырганы келгенин айтат. Бул илдет тууралуу жетиштүү маалыматы болсо да, ар кандай себептен улам текшерүүдөн өтпөй жүргөн. Акысыз акция жүрүп жатканын угуп, анализ тапшырып коюуну туура көргөн.